Мазмунга өтүү

Сүннөт

Википедия — ачык энциклопедия

Ислам

Islam

Ислам тарыхы

Ыйман

Келме Периштелер Ыйык китептер Пайгамбарлар Акырет Тагдыр

Ислам негиздери

Келме Намаз Орозо Ажылык Зекет

Китептери жана мыйзамдары

Куран Сүннөт Хадис
Сира
Шарият Мазхаб

Тарых жана ислам өкүлдөрү

Мухаммед пайгамбар
Адил халифтер
Сахабалар

Мусулман түшүнүктөрү

Азан Бата Даарат Парз Даават Талак Гусул Жин

Коомдогу орду

Ислам таануу Илим
Өнөр Мечит Жыл санак Майрамдар Аялзатынын орду Жыхад

Кошумча караңыз

Ислам порталы

Сүннөт (арабча: سنة)– бул сөз лексикалык жактан «жакшы мүнөз, жол, эреже» сыяктуу көп маанилерди туюнтуп берсе да, ислам укуктук илими боюнча Алла Тааланын элчиси аткарган, жасоого буюрган, же ыраазылыгын туюндурган иш-аракеттерди билдирет. Сүннөт үчкө бөлүнөт:

  • а) Муаккад сүннөт (зарыл сүннөт).
  • б) Гайру муаккад сүннөт (катардагы сүннөт).
  • в) Заваид сүннөт (кошумча сүннөт).

а) Муаккад сүннөт: пайгамбар ар дайым аткарып, чанда гана бир калтырган парз же важиб болбогон иштерин көрсөтөт. Бул түргө багымдат, бешим жана шам намаздарынын сүннөттөрү ж.б.у.с. кирет. Мындай сүннөттөрдү аткарган адам сооп табат, аткарбаган адамга жаза берилбесе да, айыпталат.

б) Гайру муаккад сүннөт: пайгамбар кээде жасап, кээде аткарбаган сүннөттөрүн билдирет. Мисалы, аср жана куптан намаздарынын алгачкы сүннөттөрү сыяктуу. Бул сүннөттөрдү «мустахаб» же «мандуб» катарына кошкондор да бар. Мындай сүннөттөрдү аткарса сооп табат, аткарбаса күнөө болуп эсептелбейт.

в) Заваид сүннөт: пайгамбар бир инсан катары жасаган күндөлүк иш-аракети жана жүрүш-турушу. Мисалы, ар бир ишти оң жактан баштоосу, отуруп-туруу, жеп-ичүү, ак түстөгү кийимдерди кийгенди жактыруусу сыяктуу жеке адаттары. Бул сүннөттү пайгамбарыбызга болгон жан тартуу жакынчылыктан улам аткарган сооп табат. Буларды аткарбагандар кандайдыр бир кемчилдик кетирген катары эсептелбейт.