Python

Python (IPA менен: [ˈpʌɪθ(ə)n]; питон аталышы жайылган) - иштеп чыгуучунун өндүрүмдүүлүгүнө жана коддун окумдуу болушуна багытталган жогорку даражалуу, жалпы милдеттерди аткарууга арналган программалоо тили. Python өзөгүнүн синтаксиси - минималдаштырылган. Ошол эле учурда, стандарттуу китепканасы көптөгөн пайдалуу функцияларды камтыйт.
Python бир нече программалоо парадигмаларын колдойт. Алардын ичинде структуралык, функционалдык, императивдик, объектиге жана аспектиге багытталган парадигмалар да бар. Негизги архитектуралык өзгөчөлүктөрү - динамикалык типтештирүү, автоматтык эс башкаруу, толук интроспекция, бөтөнчөлүктөрдү иштетүү механизми, көп агымдык эсептөөнү колдоо жана жогорку даражалуу маалымат структуралары. Python'до коддор модул болуп бириге алчу иш-милдеттер жана класстар болуп уюшулат. (модулдар өз кезегинде пакет болуп бириге алышат).
Python'дун үлгүлүү колдонулушу - жигердүү колдонулган көпчүлүк платформаларга шайкеш келген CPython интерпретатор болуп саналат. Бул проприетардык жана башка бардык колдонмолордо колдонууга жол берген Python Software Foundation эркин лицензиясы менен тарайт. JVM (компиляция мүмкүндүгү менен), MSIL (компиляция мүмкүндүгү менен), LLVM ж.б. үчүн сунушталган чечмелөөчүлөр бар. PyPy долбоору Python'ду JIT-компиляция менен ишке ашырууну сунуш кылат. Мында Python-программаларды аткаруунун ылдамдыгы кыйла жогорулайт.
Python - жигердүү өнүгүп жаткан (тилдик өзгөчөлүктөрүн кошуп/өзгөртүп турган) программалоо тили. Жаңы версиялары болжол менен эки жарым жылда бир чыгып турат. Мунун жана башка себептердин жыйынтыгында Python'дун ANSI, ISO жана башка расмий стандарттары жок. Булардын милдетин CPython аткарат.
Программалоо мисалы
Салам, Дүйнө програмы:
print('Салам, Дүйнө!')
Оң сандын факториалын эсептей турган программа:
n = int(input('бир сан жаз, анан анын факториалы принт болот: '))
if n < 0:
raise ValueError('терс сандарды киргизүүгө болбойт')
factorial = 1
for i in range(2, n + 1):
factorial *= i
print(factorial)
Тарыхы
Тилди ишке ашыруу идеясы 1980-жылдардын аягында пайда болуп, аны ишке ашыруунун өнүгүшү 1989-жылы Голландиянын CWI институтунун кызматкери Гидо ван Россум тарабынан башталган. Амебанын бөлүштүрүлгөн операциялык системасы кеңейтилүүчү скрипт тилин талап кылган жана Гвидо бош убактысында Python тилин иштеп чыгууга киришип, иштин бир бөлүгүн ABC тилинен алган (программалоону үйрөнүүгө багытталган бул тилди өнүктүрүүгө Гвидо катышкан). Python эң башынан эле объектиге багытталган тил катары иштелип чыккан.
Гидо ван Россум бул тилди 1970-жылдардагы популярдуу британиялык "Монти Питондун учуучу цирки" комедиялык телешоусунун атынан атаган.
Python версияларынын мөөнөттөрү 1989-жылы декабрьда ишке ашыруу башталды 1990-жылы CWI версиясы 1991-жылы февраль 0.9.0 (alt.sources берүү) 1991-жылы февраль 0.9.1 1991-жылы күзүндө 0.9.2 24-декабрь, 1991-жыл 0.9.4 1992 – жылы 2 – январь 0.9.5 (жалгыз Macintosh) 6-апрель, 1992-жыл 0.9.6 Белгисиз 1992 - жылы 0.9.7beta 9 - январь 1993 - жылы 0.9.8 1993 – жылы 29 – июль 0.9.9 1994 – жылы 26 – январь 1.0.0 1994 – жылы 15 – февраль 1.0.2 1994 – жылы 4 – май 1.0.3 1994 – жылы 14 – июль 1.0.4 1994 – жылы 11 – октябрь 1.1 1994 – жылы 10 – ноябрь 1.1.1 1995 – жылы 13 – апрель 1.2 1995 – жылы 13 – октябрь 1.3 1996 – жылы 25 – октябрь 1.4 1998 – жылы 3 – январь 1.5 1998 – жылы 31 – октябрь 1.5.1 1999 – жылы 13 – апрель 1.5.2 2000 – жылы 5 – сентябрь 1.6 2000 – жылы 16 – октябрь 2.0 2001 – жылы 17 – апрель 2.1 2001 – жылы 21 – декабрь 2.2 2003 – жылы 29 – июль 2.3 2004 – жылы 30 – ноябрь 2.4 2006 – жылы 16 – сентябрь 2.5 2008 – жылы 1 – октябрь 2.6 2008 – жылы 3 – декабрь 3.0 2009 – жылы 13 – февраль 3.0.1
Макала "tr:Python (programlama dili)" сайттынан алынып которолду. Которгон Нурсултан Алибаев
= Шилте