JavaScript
Көрүнүш
нам всем пизда Нам надо спасаться Ислам лох Ебать ты лох братан Тот кто это все писал познал боль
Тарыхы
Тилдин мүмкүнчүлүктөрү
JavaScript объектиге багытталган тил болуп саналат, бирок тилде колдонулган прототиптөөдөн улам объектилер менен иштөөдө класска багытталган салтуу тилдерден айырмалар бар. Мындан тышкары, JavaScript'тин функциялык тилдерге мүнөздүү бир катар касиеттери бар - мисалы, функциялар биринчи класстын объектилери катары, объекттер тизме катары, карринг, жашыруун функциялар, тилге кошумча ийкемдүүлүк берген - бириктирүү.
JavaScript'тин C менен синтаксистик окшоштуктары болсо да, андан түп-тамыры менен айырмаланган жактары бар:
- өзүнө-өзү байкоо жүргүзүүчү объектилер;
- функциялар биринчи класстын объектилери катары;
- типтерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү;
- таштандыларды автоматтык түрдө чогултуу;
- жашыруун функциялар.
Тилде төмөнкү пайдалуу нерселер жок
- модулдук систем: JavaScript көрүү аймагынын көз карандылыгын жана обочолугун башкарууга жол бербейт;
- стандарт китепкана: атап айтканда, файл системи менен иштөө боюнча колдонмолорду программалоо, киргизүү-чыгаруу агымдарын башкаруу, бинардык берилиштер үчүн базалык типтерди башкаруу интерфейси жок.
- веб-кызмат жана берилиштер базасы үчүн стандарт интерфейстер;
- көз карандылыктарды байкап, автоматтык түрдө орнотуп турчу пакеттерди башкаруу системи.