Мазмунга өтүү

XML

Википедия — ачык энциклопедия
12:02, 6 сентябрь 2018 карата Chaoborus (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)

Уикипедия - эркин энциклопедиясынан алынган маалымат

XML (англ. Extensible Markup Language - кеңейтилген белгилөө тили) - документти бир эле убакта адам баласына да, маалымат иштетүү системине да түщүнүктүү форматта калыптоону аныктай турган, жалпы синтаксистик эрежелердин жыйындысын көрсөткөн белгилөө тили. Дүйнөлүк Желе Уюму сунуштаган стандарт. XML — програмдар ортосундагы маалымат алмашууну камсыз кылуу үчүн, структуралуу берилиштерди сактоого арналган (берилиштер базасынын файлдарынын ордуна) текст калыбы. XML тили SGML дин жеңилдетилген бөлүмү болуп эсептелет.

XML дин туулган жылы катары бул тилдин алгачкы иштелип бүтө элек спецификациясынын вариянты пайда болгон 1996 - жылды, же ошол спецификация тастыкталган 1998 - жылды эсептөөгө болот. Бирок бардыгы 1986 - жылы SGML тили пайда болгондо эле башталган болчу.