Мазмунга өтүү

HTML

Википедия — ачык энциклопедия
06:22, 14 январь 2018 карата 46.251.199.2 (талкуу) тарабынан жасалган версия

HTML (англ. HyperText Markup Language — «гипертекстти белгилөө тили») - дүйнөлүк желедеги документтерди стандарттык белгилөө тили. Көпчүлүк веб-баракчалар HTML (же XHTML) тилинде жазылат. HTML тили браузер менен которулуп, кишиге ыңгайлуу документ калыбында көрсөтүлөт.

HTML SGML-дин (стандарттуу жалпыланган белгилөө тили) тиркемеси жана ISO 8879 эл аралык стандартына ылайыкташтырылган.

Көпчүлүк колдонуучулар HTML ди программалоо тили деп ойлошот, бирок HTML текст белгилөө тили болуп саналат. Болгону ал браузерге веб-барактын курамын: тексттерди, сүрөттөлүштөрдү, жадыбалдарды кандай көрсөтүү керек экенин сыпаттап берет.

HTML тили британ окумуштуусу Тимоти Жон Тим Бернерс-Ли тарабынан 1986—1991 жылдары аралыгында иштелип чыгарылган. Алгач ал илимий-техникалык документтерди өз ара алмашуу үчүн тил катары түзүлгөн. Бирок убакыттын өтүшү менен HTML мультимедиялык жана графикалык кооздоо жагына өтүп кетти.