HTML
HTML (англ. HyperText Markup Language — «гипертекст белгилөө тили») - дүйнөлүк желедеги документтерди стандарттык белгилөө тили. Көпчүлүк веб-баракчалар HTML (же XHTML) тилинде жазылат. HTML тили браузер менен которулуп, кишиге ыңгайлуу документ калыбында көрсөтүлөт.
HTML SGML-дин (белгилөөнүн стандартуу жалпыланган тилинин) тиркемеси жана ISO 8879 эл аралык стандартына ылайыкташтырылган.
Көпчүлүк колдонуучулар HTML ди программалоо тили деп ойлошот, бирок HTML текст белгилөө тили болуп саналат. Болгону ал браузерге беб-барактын курамын: тексттерди, сүрөттөлүштөрдү, жадыбалдарды кандай көрсөтүү керек экенин сыпаттап берет.
HTML тили британ окумуштуусу Тимом Бернерсом-Ли 1986—1991 жылдары аралыгында (так эмес) иштеп чыгарылган. Алгач ал илимий-техникалык документтерди өз ара алмашуу максатында түзүлгөн. Бирок убакыттын өтүшү менен HTML мультимедиялык жана графикалык кооздоо жагына өтүп кетти.