Notepad++
Notepad++ -- Windows үчүн ачык баштапкы коддуу жана көпчүлүк программалоо тилдеринин синтаксистерин түстөө мүмкүнчүлүгү бар текст редактору. Scintilla компонентинен түзүлүп, STL жана Win32 API ды колдонуу менен C++ программалоо тилинде жазылган жана ошондой эле GPL лицензиясы аркылуу таратылат. Програмдын жалпы мүмкүнчүлүгүн плагиндер, башка модулдар эсебинен кеңейтүүгө болот.
Жалпы мүмкүнчүлүктөрү
Расмий сайтында жарыяланган програмдын мүмкүнчүлүктөрү[1]
- Синтаксисти түстөө
- Айландыруу
- Авто толуктоо жана автоматтык түрдө кашааларды же тегдерди жабуу (эгерде жүргүзүлсө)
- Издөө жана алмаштыруу
- Файлдарды салыштыруу
- Жазуу жана жүргүзүү (макросторду)
- Тез баскычтарды колдонуу жана аларды өз табитиңизге ылайык жөндөө
- Сакталган файлдарды резервдик көчүрүү (жүргүзүү зарыл)
- ANSI, UTF-8 жана UCS-2 кодировкаларын колдоо жана алардын биринен башкасына айландыруу
- Көп саптуу редактирлөө (Alt баскычын колдонуу менен)
Синтаксисти түстөө
ActionScript, ASP, Ada, ASCII art, Assembler, AutoIt, BAT, C, C#, C++, Caml, CSS, doxygen, FORTRAN, HTML, INNO, Haskell, Java, JavaScript, KiXtart, Lisp, Lua, makefile, Matlab, NSIS Objective-C, Pascal, Perl, PHP, PostScript, Python, Ruby, Scheme, Unix Shell Script, Smalltalk, SQL, Tcl, TeX, Verilog, VHDL, VB/VBScript, XML.
- ↑ Notepad++ дин расмий баракчасы. SourceForge.net. Текшерилген күнү 12 -декабрь (бештин айы) 2009. Түп булактан архивделген күнү 16 -февраль (бирдин айы) 2012.