Notepad++
Көрүнүш
Notepad++ - Windows үчүн ачык баштапкы коддуу жана көпчүлүк программалоо тилдеринин синтаксистерин түстөө мүмкүнчүлүгү бар текст редактору. Scintilla компонентинен түзүлүп, STL жана Win32 API ды колдонуу менен C++ программалоо тилинде жазылган жана ошондой эле GPL лицензиясы аркылуу таратылат. Програмдын жалпы мүмкүнчүлүгүн плагиндер, башка модулдар эсебинен кеңейтүүгө болот.